Бишкек, "Саясат.kg".  Жакында "Ата Журт" партиясынын съезди болоору күтүлүүдө. 

 

2015-жылы Камчыбек Ташиев башында турган "Ата Журт" партиясы менен Өмүрбек Бабановдун "Республикасы" ынтымакка келип, жаңы "Республика-Ата Журт" партиясын түптөшкөн. Бир жылдан ашуун өмүр сүргөн бул партия кайрадан экиге бөлүндү. 

 

Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясы жергиликтүү шайлоолорго өз алдынча бара турганын жарыялады. 

 

Ушул айдын аяк ченинде "Ата Журт" съездин өткөрүүгө камылга көрүүдө. Анда Ташиев менен Адахан Мадумаровдун бириккени тууралуу расмий жарыяланат.