Обама 16-ноябрда Афинада сөз сүйлөп жатып, демократия бир кишиден жогору турарын жана дал ушул сапат аны туруктуу кыларын айтты.

 

Обама Дональд Трамп экөөнүн көз караштары ар башка экенин, буга карабай бийликти салтка ылайык өткөрүп берерин билдирди.

 

Каалаган талапкери жеңбесе дагы жарандарда ар дайым өз лидерин тандоо мүмкүнчүлүгү болуусу керектигин кошумчалады.

 

Барак Обама акыркы чет өлкөлүк сапары менен жүрөт. Ал ошондой эле Германияга барып, канцлер Ангела Меркел менен жолугат. Андан соң Барак Обама Перуда өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна катышып, 19-ноябрда Вашингтонго кайтат.