Документке караганда, жалпы жыйында жок дегенде бир жолу каттоодон өтпөгөн депутат маянасынын алтыдан бир бөлүгүнөн айрылат. Мамдума адатта бир айда алты жолу жалпы жыйынга чогулат.

 

Ишке келбегендерди Мамдуманын регламент жана уюштуруу иштери боюнча комитети аныктайт. Айыппулдан чогулган каражат парламенттин төмөнкү палатасынын бюджетине кошулат. Бул арада жыйынга катышпаган кесиптештери үчүн добуш бергендерге тоскоол болуу үчүн дагы чаралар иштелип чыгууда.

 

Мамдума 2016-жылы жазында системалуу түрдө жумушка келбеген депутаттарды мандатынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Июнда бул мыйзамдын негизинде “Акыйкат Орусиядан” депутат Илья Пономарев креслосунан айрылган. Ал Крымдын аннексиясына каршы добуш берген жалгыз эл өкүлү болчу.