Депутаттын кабарлашынча, “Мегакомдун” 51 пайызын улутташтырбоо тууралуу кепилдикти Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путиндин алдында айткан. Өмүрбек Текебаев муну 2010-жылдан апрель окуясынан кийин маалымат каражаттарына чыккан кабарга шилтеме берип айтты.

- “Мегакомдун” толук улутташтырылбаганына Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Атамбаев жооп бериши керек. "Фергана.ру" сайтында жүрөт Атамбаев ошол маалда Путинге убада берген экен. Анда биз сатпайбыз, улутташтырбайбыз, орус тарап салык жана дивидентин төлөп турса болду деген экен. Ошол сайтка Фарид Ниязов да интервью берип “Мегакомдо” акционерлердин укугу корголушу керек деп айткан экен. Ошондуктан “Мегаком” боюнча иште биринчи кезекте Атамбаевди суракка алыш керек.

 

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан. Атайын кызмат муну Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтерге таянып билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аны тезинен текшерип чыгууну тапшырган.

 

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан документтердин көчүрмөлөрүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун фамилиясы аталган. Депутаттар муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттоодо.