Өз ордуларында калгандар жана жаңы дайындалгандар бири алмашпаганына, экинчиси келгенине кудуңдаша анттын маани-маңызын сиңирбей эле, жөн салды текстти жөн салды окуп койгондой болушту.

 

Алар бир ооздон “элдин, президенттин, Жогорку Кеңештин алдында өз милдеттерин так, ак ниеттүүлүк менен аткарууга” ант ичишип, кокус жаза тайып анттары да “тайып” кетчү болсо мыйзам алдында жооп берүүгө да даяр болушту.

 

Ошентип, өкмөттүн жаңы курамы:

 

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шарипович;

 

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшөкеевич;

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайлович;

 

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Султанбекова Чолпон Аалыевна;

 

-  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Жеңиш  Парпиевич;

 

- Өкмөт Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри Осмоналиев Акылбек Шарипович;

 

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович;

 

- Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;

 

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

 

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов;

 

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Ахметов Уран Түлөндиевич;

 

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;

 

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Исраилов Улан Жумабекович;

 

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;

 

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;

 

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Казаков Түгөлбай Токтогулович;

 

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;

 

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Cегизбаев Абдил Кеңешевич;

 

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович;

 

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршенбиев Бакыт Нуржанович – өз иштерин башташты.

 

Бирок, канча өкмөт алмашты, канча курам келип кайра кетти – аткарылбай калганы иши, “тайып” кеткен антты үчүн бирөө-жарымы мыйзам алдында жоопкерчилик тартканы жадыбызда жок экен. Эл алдында эмес, президентке берген “антынан” кечип жиберип, эпадам оппозицияга кошулуп, же чыркыраган чындыкты айтып жиберген учурларда гана тартылышпаса... Жоопкерчиликке тартылган эч ким болбоду, баары өз милдетин так, мйзам чегинде аткарган мыкты адистер эле дегенге – анда жыйынтыгы кайда? Мыкты адистер топтолсо, мамлекет алдыга жылышы, улам бийиктикке көтөрүлүшү керек эле. Мамлекет ордунда турат, алга жылууга ниет да жок – жоопкер адам да жок.

 

Ант аткарылбагандан кийин, андан кийин жазасы болбогондон кийин – кооз сөздөрдү тизмелеп, депутаттардын ашыкча убактысын алып улам бири чыгып, чала-чарпыт окуганды токтотуп, бир эле президентке ант берип коюшса жетет эле да...