Ант берүү аземин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштады. Ал "өз элинин, президенттин, Жогорку Кеңештин, Конституциянын алдында өз милдетин так жана абийирдүүлүк менен аткарууга" ант берди. 

 

Калган өкмөт мүчөлөрү да ант беришип, антты бузган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылууга да кайыл болушту. 

 

Эске салсак, КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгып кетүү менен коалиция ыдырап, кайрадан түзүлгөн. Башкаруу альянска КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирген.