“АКШда түстүу революция болушу мүмкүнбү?” – деген суроонун тегеринде ой калчаган телекөрсөтүүдө орус саясатчысы жаңы президенттин өлкө аймагына ислам аймактарынан келген мигранттарды киргизбөө, аны менен теракттардын алдын алуу боюнча сунушуна пикирин билдирди. Анын айтымында, Трамптын бул сунушу жүйөлүү, эми жаңы президент убадасын аткара алабы, же жокпу- кеп ошондо.

 

Көрсөтүү учурунда Жириновский өзүнүн башына Трамптын чач жасалгасын чаптап койгон фотошоп сүрөтүн көрсөттү.

 

“Бул элдик чыгармачылык”, - деди ал.

 

Сүрөттө “Россияны дагы бир жолу улуу кыл” деген жазуу жазылган. Бул Трамптын шайлоо алдындагы АКШга бир кездеги улуулугун кайра кайтарып берем деген урааны негиз болуп берген. Орус саясатчысынын айтымында, жасалган сүрөт эл кандай президентти кааларын далилдеп турат.