- Турсунбай агай, Ала-Букадагы аялдын сөөгү бир эмес, үч жолу жерге берилген үрөй учурган окуя орун алды. Анын жоопкерчилиги кимге жүктөлөт? Ал окуянын орун алышына ким күнөөлүү?

- Прозелетизм (динден динге өтүү) деген коркунучтуу нерсе Кыргызстаныбыз үчүн бар. Малайзиянын легендарлуу премьер-министри Махатхир Мохаммад 2011-жылы Кыргызстанга келгенде өлкөбүздөгү үч кооптуу нерсени айтып кеткен. Ошонун бири: динден динге өтүү маселеси болчу. Мисалы, Малайзияда мындай нерсе үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилик киргизилгенин айткан. Анткени, коомду ушул нерсе жарышы мүмкүн.

 

Ал эми  конкреттуу Ала-Букадагы окуя жөнүндө айтсам, анда бул аялдын жерге берилген жеринен казылып алынып, кайра-кайра көмүлүшүнө биринчи кезекте мамлекет күнөлүү. Ал секталарга жана салттуу дүйнөлүк динден бөлөк диний агымдарга өтүүгө тыюу салыш керек эле. Бирок ,Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден баштап чек арадан каалаганы  аттап кирип келип жаткан диний агымдарга жана алардын миссионерлеринин ачык ишмердүүлүгүнө жол ачып берген. Ошондуктан чоң күнөө Кыргызстанда расмий катталган диний агымдардын жетекчилеринде жатат. Өз курамына бөлөк диндегилерди кошуп жатканда, биринчи кезекте алардын жашоосун жана өлүмүн майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп,  мамлекет менен ошону чечип алуусу абзел эле. Үчүнчүдөн болсо каза болгон аялдын өзүндө күнөө бар. Анткени, бөлөк динге өтүп жатканда бардык маселелерди билип, чечип алуусу керек эле. Төртүнчүдөн болсо, ошол аялдын ата-энесинде, күйөөсүндө, бир туугандарында жана уулдарында чоң күнөө жатат. Өздөрүнүн Акыретин жана коомдогу  жашоосун ойлонушса  бөлөк динге өтпөшү керек эле. “Эмнени  эксең, ошонун түшүмүн күздө аласың”- деген эле кеп...

 

- Бул окуяда  имамдар элди жамынып алып, “башкаларга сабак болсун” деген таризде өз билгенин кылыштыбы  же жергиликтүү бийлик билмексенге салып, башка динге өтүп кеткендерди ушундай тагдыр күтөт деп билмексен болуп отурабы?

 

- Бул окуяда имамдар жана жергиликтүү калк туура эле чечим кабыл алышкан. Ар бир динде жашоонун жана өлүмдүн жол-жобосу каралган. Ошондуктан христиандар христиан көрүстөнгө, мусулмандар мусулман көрүстөнгө, жөөттөр жөөттөрдүн көрүстөнүнө коюлушат. А буддист, индуист болсо - алар сөөктү өрттөп да жибериши мүмкүн. Теңирчилер болсо же белгисиз жерге өлүктөрүн көмүшөт же болбосо молдолор менен сүйлөшүп мусулман көрүстөнүнө алдоо жол менен коюшат. А жергиликтүү бийлик эмне кылсын? Алар диний кызматкерлер эмес да...

 

- Турсунбай мырза, президент Алмаз Атамбаевдин саясаты купулуңузга толуп жатабы? Референдум өткөрүп,  Конституциянын өзгөрүшүн колдойсузбу?

 

- А.Атамбаев сыяктуу мен да 2011- жылы президенттик шайлоого катышкам. Шайлоо канчалык чынчыл жана таза өткөнү - бул башка кеп, аны биз жана эл өзү билет. Бирок, 2010- жылдагы мыйзамсыз референдум жана Убактылуу Өкмөт шайлоого чыгарбай эле Р.Отунбаеваны "президент" кылып олтургузуп койгондон кийин 2011- жылкы президенттик шайлоо да ошол эле эски ыкма менен өттү. А.Атамбаевдин инагуарациясына чейин президенттик шайлоо бүтөрү менен АКИпрессте пресс-конференция өткөрүп А.Атамбаевга ачык катымды жарыялагам. Ал катымды ММКлар жана интернет-ресурстар жарыялап чыккан. Ошол катымда А.Атамбаевге "досум, сен Акаев менен Бакиевди ажыдарга айлангансыңар деп күнөөлөп, өзүн деле ошого айланууну баштадың... Президенттик мөөнөтүн аяктаганына бир жыл калганда сен Конституцияны референдум аркылуу өзүңө ылайыктап кайра өзгөрткөнгө аракет кыласың" деп жазган элем. Ошондуктан, А.Атамбаевдин саясаты көпчүлүккө азыр табышмак же жаңылык болуп турса, мен 2011-жылы эле анын болочок кадамдарын айтканмын.

 

Кыргызстандын тунгуч "ЭрК" ("Эркин Кыргызстан") саясий партиясы 1994 -жылдан бери 2010 -жылга чейин Конституциянын ар бир өзгөрүлүшүнө ачык каршы чыкканбыз. “Парламенттик система Кыргызстанга болбойт, бул – коллективдүү болгондуктан,  жоопкерсиздикки жаратат, бир үй-бүлөнүн ордуна бийликке келген партия бөлөк 2-3 партия менен коалиция түзүмүш болуп мурдагы эле коррупциялык схема менен өлкөнү башкарат”,- деп 2010- жылы ачык айткам. Ошондуктан, 2016- жылдын 23-августунда АКИпрессте "ЭрК" партиясы Конституцияны өзгөрүшү боюнча референдумга каршы чыкпоосун "ЭрКтин” 9-октябрь күнү боло турган салтанатуу XVIII курултайында суранам деп айтып кеткен элем. ЭрК" партиясынын XVIII курултайы менин позициямды колдоп берди!

 

- Ар ким билгенин ортого салып, түрдүү божомолдорду айтып жатат. Сиздин баамыңызда кыргыз саясаты эми кандай нукта өнүгөт?

 

- Кыргызстанда саясый система өзгөрүлмөюн саясатыбыз туңгуюктан чыгалбай жүрө берет. Саясый система өзгөрүлүш үчүн Аллахыбыз ыйык Куранда эскерткендей: алгач ар бир кыргызстандык өзүнөн баштап өзгөрүлүүгө тийиш, ошондо гана Жараткан биздин абалызды өзгөртүп берет. Өзүбүз өзгөрүлбөй туруп “саясат жана саясатчылар өзгөрүлсүн!”, “таза, адилеттүү жана ыймандуу саясатчылар бийликке келсин!” деген чакырыктарыбыз ишке ашпаган куру сөз болуп эле кала беришине көзүм жетип турат...

 

- Референдум болушу, Конституциянын өзгөрүшү Кыргызстанга үчүнчү революциянын болушуна шарт түзбөйбү?

 

- Жок, Конституциянын өзгөрүшү үчүнчу ыңкылапка алып келбейт. Элге азыр баары бир болуп калган. Анткени, бийликтин фокустарынан эл тажаган.

 

- Парламентте оппозиция барбы? Бу сапар оппозиция күчтүү болуп кетпейби?

 

- Жогорку Кеңеште оппозиция жок! Оппозициялуу маанайдагы саясый партиялар жана саясатчылар акча жоктугунан элдин элегинен өтө алышпады. Байлардан турган партиялар эч качан бийликке оппозиция болуша алшыпайт.  Ошондуктан бир жыл иштеген коалиция да урап калды. Кийинки түзүлгөн коалиция да көп жашабайт. Экономикада "Дочерние предприятия" деген түшүнүк бар. 2010 -жылдагы парламенттик шайлоодон айырмаланып, 2015- жылдагы шайлоодо жеңгендердин баары - президенттин сценарийи менен парламентке келгендер.

 

- Кыргызстан менен Түркиянын  мамилесинин начарлаганы  Бишкек түрк саммитин белгисиз мөөнөткө жылдырууга аргасыз кылдыбы?

 

- Кыргызстандын өлкө башчысынын буйтагандыгы жана Түркияны оор мезгилде аны колдой албаганы эки өлкөнүн алакаларына да терс таасирин тийгизбейт койбойт. Боордош Түркия менен жылуу мамилелерди сактап калуу керек эле...

 

- Турсунбай мырза, кандуу Баткен окуясына быйыл 17 жыл болду. Ал окуя тууралуу нелерди айта аласыз?

 

- Ислам Өзбек аракетинин (ИДУ) можахеддери Кыргызстанга кол салганына быйыл 17 жыл болду. Бирок, ушул күнгө чейин ал согуш, туткунга түшкөн генерал баш болгон кыргыз жоокерлер менен жапон геологдор жана Ак үй менен генералитеттин алсыздыгы жөнүндө ачуу чындык айтылбаганы өкүндүрөт. Президент 2016-жылды “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялаганда эми чындык айтылат го деген үмүт пайда болгон. Бирок, КТРКда Баткен согушу жөнүндө өрдөктөрүн учурган журналист Аида Касымалиеванын атайын берүүсүнөн кийин бир эле мен эмес, а элдин көпчүлүгү да иренжип калды... Ошол окуяга азбы-көппү тиешеси бар болгондордун кээ бири бул дүйнө менен коштошуп да кетишти: генерал А.Шамкеев, генерал Ж.Асанбеков, генерал Мирзо Зиёев (Тажикистан), Тахир Юлдашев, Жумабай Намангони, Зубайир ибн Абдурахим баш болушкан ИДУ-нун можахеддери (Озбекстан), Баяман Эркинбаев, Нуриддин Темиров (Тажикистан), Мохаммад Садык Мохаммад Юсуф (Озбекстан) жана башкалар. А А.Акаев баш болгондор Кыргызстандан качып чыгышкан... Мейли, мен жасаган иштерим кыргыз элинин, кыргыз жеринин мекенчили жана ислам дининин жоопкерлүү өкүлү катары жасалды. Мага мамлекеттен эч нерсе керек эмес. Бирок, 1999- жылдан бери Кыргызстандын жогорку мамлекеттик сыйлыкты мен менен кошо өмүрүн сайып, ОАЭде, Ооганстанда, Тажикстанда тынбай жанымда жүргөн жардамчым Темиров Нуриддинге сыйлык берип коюшса болмок. Аны 2013- жылы атып кетишкенден кийин үчүнчү президент - А.Атамбаевден суранып жатам. Жооп жок...

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.