Анын пикиринде, парламенттеги мындай өзгөрүүлөр мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат жана саясый күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүнө таасир тийгизиши мүмкүн.

 

- Марс мырза, парламенттеги башкаруучу коалициянын өзүн-өзү таратуусу эмнеден улам келип чыкты жана кандай максатты көздөйт?

 

- Коалициянын таратылышы кокустук эмес жана алдын ала ойлонулган. Себеби Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү референдумга каршы чыгышты жана ага жооп берилиш керек болчу. “Ата-Мекен” фракциясынын лидери, депутат, ошол Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Кыргызстандагы Конституциянын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев атайылап карама-каршылыкка барды. Ошондуктан КСДПнын бул кадамы туура болду.

 

- Анткен менен Ө.Текебаевдин бул кадамдары анчалык деле түшүнүксүз болуп жатпайбы.

 

- Ал акырындап өзүн саясый аренадан түртүп чыгарып жатышкандыгын сезип калды. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан ал жалгыз бийликте кармалып турган жана олуттуу салмагы бар саясатчы болуп саналат. Т.Сариев, А.Бекназаров жана башка саясатчылар кадыр-баркын эбак эле жоготуп коюшкан. Ошондуктан Отунбаева, Салянова, Шыкмаматов жана ушул эле Текебаевдер президентке чабуулга өтүштү. Президент А.Атамбаев бир нече ирет президенттик мөөнөтү Конституцияга ылайык бүткөн соң саясаттан кетерин жарыялаган. Албетте, президент азыр акаевдик-бакиевдик кадрларды оюндан кетирүүнү көздөөдө. Демек, элитанын өзүн-өзү тазалоо процесси жүрүп жатат. Алар албетте, каршылык көрсөтпөй койбойт.

 

-  Парламент өзү азыр канчалык туруктуу? Бул саясый оюндар эл өкүлдөрүнүн өзүн-өзү таратуусу менен аяктабайбы?

 

- Ар кандай күтүлбөстүктөр да болуп кетиши мүмкүн. Азыр өлкөдөгү бул саясый процесттер Жогорку Кеңештеги күчтөрдүн бөлүштүрүлүшүнө түздөн-түз таасир этиши жокко чыгарылбайт. Себеби парламентке кайра келиши күмөн жараткан партиялар да бар эмеспи. Бирок азырынча ага өтө эле муктаждык жок. КСДП кыйынчылыксыз эле жаңы альянс түзө алат. Ага "РАЖ" жана "Кыргызстан", балким "Бир бол" сөзсүз кирет.

 

“РАЖдын” лидери Ө. Бабанов менен алдын ала макулдашуулар болгондугу жокко чыгарылбайт, ал жаңы премьер-министр болушу мүмкүн. Ал эми алдыга ой жүгүртө турган болсок, андан соң Ө.Бабановду президент болууга олуттуу талапкер катары кароого болот.

 

- Коалиция таратылган азыркы учурда референдумду үзгүлтүккө учуратуу же өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракеттери улантылышы мүмкүнбү?

 

- Көпчүлүк жагдай албетте, сырткы оюнчуларга көз каранды. Балким, азыр АКШ өзүнүн президентин шайлоо менен убара болуп жаткандыгы бизге ыңгайлуу шарт түзүүдө. Биздин Россия жана Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөрүбүз тескерисинче бийликти чыңдоонун зарылчылыгын түшүнүү менен кабыл алышууда. Өлкөнү башкарууга мүмкүн болгондо, ал түшүнүктүү жана келечеги айкын болуп, эл аралык деңгээлде мамиле түзүү үчүн ыңгайлуу.

 

Эмне үчүн биз парламенттик республика болдук? Эмне үчүн бизге Венеция комиссиясы жана башкалар таңууланды? Себеби Кыргызстан аркылуу кошуна өлкөлөрдөгү режимди алсыратып же туруксуз абал түзүү аракети жасалды.  Бул постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерди бөлүп-жаруу долбоору экендиги көрүнүп эле турат. Дал ушул жагдай аркылуу алар ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу уюмдардагы интеграциялык процесстерди үзгүлтүккө учуратууну көздөшүүдө.

 

Маектешкен Э.Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.