Кат Кыргызстандагы бардык коомдук уюмдарга, жаштар кыймылдарына, жарандык коомго, саясий партияларга жана патриотторго жолдонуп, өлкөдө саясий күчтөрдүн тиреши азыркы нукта улана берсе, анын акыры жакшылык менен бүтпөй турганы белгиленген. Андан чыгуу үчүн жалпы улуттук курултайга чогулуп, абалды талкуулоого чакырык ташталган. Ошондой эле “башка мамлекеттердин эксперттери, жергиликтүү саясатчылар да Кыргызстанда мындай тирештен улам мамлекеттүүлүк жоголушу ыктымал деген божомолдорду айтып жатканы" дажазылган.

 

Оппозициячылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен быйыл май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы кармаган. Алардын ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту жабык териштирүүдө.