Айтымында, Кыргызстандагы белгилүү, артында электораты күчтүү үч саясатчы тең “Ата-Журт” партиясына мүчө болушуп, анын туусу аркылуу президенттик шайлоого да аттанат. “Булардын арасынан кимиси президенттикке аттанарын азырынча айтпай эле туралы. Бирок, мурунку шайлоолордогу катачылыктардын баарын эске алышып, азыр бирөөсүн гана чыгаруу келишимине келишти”,- дешти бизге.

 

Жакынкы арада үч саясатчынын катышуусунда маалымат жыйыны болору, андаалар конституциялык реформа, атамбаевдик башкаруу ж.б. маселелер боюнча көз караштарын билдиришет.

 

Альянска мындан тышкары М.Мырзакматовдун дагы кошулуусу ыктымал экендиги айтылууда.