- Турсунбек мырза, президент милиция кызматкерлерине үйдүн ачкычын тапшырып жатып, “Ак үйдө өтө оор убактарда жалгыз калгам”- деди. Бул сөздү ажо Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдарынын “чечим чыккан көп учурда Атамбаев жок болуп калчу” деген сөздөн кутулуш үчүн айттыбы же  мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз чындыгын айттыбы?  

 

- Мен Атамбаевдин жалгыз калганын уга элекмин. 2005-жылкы революцияда Бакиев манты жеп эки саат кечиккенде Атамбаев менен раматылык Мелис Эшимкановдор жарым саат, бир саатка кечигип келген. Алар келгенче биз Ак үйгө кирип, жарымын ээлеп калганбыз. Мен билгени Атамбаев эч качан жалгыз калган эмес. Атамбаев дайыма артта калып жүрөт. Качан окуя болгондон кийин келчү. Баса бир сапар жалгыз калып, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экөө оппозициядан бөлүнүп калып, Бакиевге премьер-министр болгон. Бакиев менен иштешип, “ал жакшы  адам экен. Аны жөн эле жаман деп жүрүппүз” деп айтканы бар. Атамбаевдин кайсы бир мезгилде жалгыз калып, эрдик кылганын деле көрө элекмин.  2010-жылкы революцияда камалып калды. Аларды куткарабыз деп жаракат алдым.

 

Ички иштер кызматкерлерине үй берип жатып, ага окшогон сөздөрдү сүйлөбөй эле койсо болмок экен. Ал жерден башкаларга асылып, жаман пикир жаратпай деле койсо болмок.  Анткени, ал мактана турган деле иш эмес. Милицияларга үй куруп берүү мамлекеттин милдети. Бакиевдин жерине салган үйүн сатып, милицияларга  кызматтык үй салып берсе анан мактанса болмок. Жөнү жок мактанып ар кимге асылбай. Акыркы күндөрү Атамбаевдин сөздөрү көп кишини жылмаюуга аргасыз кылып жатат.

 

- “Кийинки келген бийликтин катачылыктары болсо, ачык айтып сындап турам”- дегенин кандай кабыл алдыңыз?

 

-“Мен кызматтан кеткенден кийин да бийлик жаман иштесе, өз пикиримди айтам” дейт. Бакиевдин жерине салынган хан ордого жатып алып, “ошол жактан башкарам” деген ойду айтып жатат. Президент болгондон кийин мактанбай кичине ойлонуп сүйлөсө болот эле. Ойлонбой айткан сөздөрүн тизмектеп алгандар бар. Ошонун баарын далилде деп сотко берип, президенттин аброюн кетиришсе не болот.

 

- Конституцияны алмаштырууга аргасыз болгон себебин да түшүндүрдү. Туура эле кабыл алдыңызбы?

 

- Атамбаевден кийин кандай президент келсе  да Атамбаевден жаман президент келбейт. Кандай президент шайланса да андан жакшы болот деген үмүтүм бар. Айтайын дегеним, ал жаман болсо да элди шылдыңдап сүйлөп, элдин кадырына доо кетирбейт. Андай сөздү президент эмес, жөнөкөй адамдар да сүйлөбөйт. Акаев, Бакиевди жаман деп коёт. Чынында Акаев “Кыргызстанды Швейцария кылам” деп эле жаңылды. Бакиев “тезек тергиле” деп эле жаңылды. Атамбаев ар бир сүйлөгөн сөзүндө катачылыкка жол берип жатат.

 

- “Ата Мекендин” мародёрлук ишин иликтеш үчүн Анвар Артыков башында турган депутаттык комиссия түзүлдү? Бул жерде дагы кандайдыр бир сыр бар эмеспи?

 

- Бул уят иш. Чынында бул иштин баары президенттин көрсөтмөсү менен болуп жатат. Анвар Артыков эбак эле кетиш керек эле. Ал “Ар-Намыстын” абийирин кетирчү. Анвар Артыковду Текебаевге каршы кармап жүрөт. Интрига гана кылат. Негизи андай иште нейтралдуу адамды коюш керек. Артыков кантип реалдуу чечим чыгарсын. Ал чечим чыгарган күндө дагы эч ким ишенбейт. Өмүр бою Текебаевге асылып жүргөн адам. Текебаевдин аркасы менен депутаттыкка келди. Текебаев далай саясатчынын сообуна калды. Текебаевге асылгандардын баары кызматтан кызматка көтөрүлүп, гүлдөп жатат.

 

- Референдумдун арты революция болуп кетиши мүмкүнбү?

 

- Референдум деген уктап жаткан арстан. Аны ойготпош керек. Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум кылсак, анда арстанды ойготуп алып, анын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Үч жыл чыдап койсо, Конституцияны өзгөртүү мезгили келмек. Референдумда 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деген гана чектөөнү  алып салып, талкуу кылып анан парламенттен кабыл алсын. 100дөн ашык беренеси бар Конституцияны бир эле сөз менен өзгөрсүн же өзгөрбөсүн деп элдин элегине салган болбойт. Анткени, кыска убакыттын ичинде эл түшүнбөй калат.       

 

Мен Атамбаевди эле каралап, Текебаевди актаган жерим жок. Текебаевдин дагы толтура кемчилиги бар. Кээде айтканыңды укпай кулак сыртынан кетирип коёт. Текебаев көп учурда өзүнө өзү кылат. Мен Текебаевге бир канча жолу “ордуңду Атамбаевге бербе, ага караганда сен татыктуусуң”- дечүмүн. Ал менин айтканымды кулагынын тышынан кетирип, УКМКнын СИЗОсунда жаткан Аликбек Жекшенкуловго кирип чыкканча “мен ордумду Атамбаевге бердим” деп пресс-конференция берип салыптыр. Ошондо, Текебаев экөөбүз “Спартак” стадионунун жанынан мушташып кете жаздаганбыз.

 

Атамбаевге Текебаев жол чаап берип келе жатат.  Айтайын дегеним, Текебаевге сокку бергиси келген тарап ар дайым Атамбаевге күн тийгизет. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо Текебаев Бакиев, Садыркуловдордун шартына көнбөгөнү үчүн көп добуш алса да, “Ата Мекен” партиясы жасалма жол менен артка сүрүлүп,  арзыбаган добуш алган КСДП парламентке 11 депутат менен келген. КСДП принципиалдуу партия болсо,  Атамбаев “Ата Мекенден” ашык добуш алган эмеспиз деп парламентке баруудан баш тартып койгонунда  апрель революциясы  болбой балдар да, Садыркулов да өлмөк эмес. Кандай кырдаал болбосун жеңиш Текебаев тарапта болот.  КСДП “Ата Мекенди” коалициядан чыгара албай койуп, аргасы кеткенде өздөрү коалицияны бузду. Жыйынтыгында Текебаев КСДПны коалициядан кууп чыккандай эле иш болду.

 

- Коалиция кайсыл партиялардан курулат? Курула турган коалициянын аркасында кандай саясат орун алат?

 

- Бизге жеткен маалыматтарга караганда Бабанов да коалицияга кирүүгө анча макул болбой, сүр көрсөтүп, талаптарын коюп жатыптыр. Анткени, ал андан башка партиялар жок экенин билет. Ошон үчүн КСДП Бабановдун партиясын кошуп алганга аргасыз болот. Кыскасы, Текебаевден кутулам деп жатып, Атамбаев балээге туш болот. Атамбаев Текебаевден чочулабай эле койсо болмок. Анткени, Текебаев 11 депутаттын эле лидери. Жашы да 60ка чукулдап калды. Президент болоор болбосун бир Кудай билет. Бабанов болсо жаш, бай, сулуу, амбициясы аттын башындай. Бабанов Текебаевдей эмес. Ал Атамбаевди тебелеп, башын аттап кете турган жигит. Текебаев канча урушса да Атамбаевдин башын аттап, ага жамандык кылчу  эмес. Бу сапар Текебаевге  Атамбаев өзү тийишип алып, жообун алды.

 

Бабановдун жакшы жактары болсо керек. Балким анын элди өзүнө тартып алган артисттик жагы да бардыр. Ал Айдар Акаев, Максим Бакиев менен да дос болгон, кимге кантип жагынышты жакшы билген адам. Атамбаевдин балдары кичинекей болуп эле дос боло албай жатат. Болбосо, булардын эбак ишенимине кирмек. Текебаев бул жерден дагы профессионал саясатчы экенин көрсөттү. Оппозициянын лидери болду. Эми Текебаевдин арты менен революция болуп кетиши мүмкүн.  З.Рысалиев да эч нерсе таба алган жок. 4 жылдан бери эч нерсе таба албай келишип, эми Артыков бир нерсе табабы?

 

- Исаевдин лидерликтен түшүшү неден кабар берет?

 

- Канатты референдумга каршы добуш бергени үчүн лидерликтен кетиришти. Анткени, “Кыргызстан” партиясы КСДПнын улуу баласы катары түзүлгөн партия болчу. КСДПга баарын киргизүүгө мүмкүн эмес болгон үчүн “Кыргызстанды ” түзүшкөн. Ошон үчүн Атамбаевдер эле башкарчу. Канат анын ырын ырдабай койду.

 

- Ошол эле маалда Конституциянын демилгечилеринин бири болду эле го?

 

- Ал демилгечи болгону менен “кичине коё туралы” деди. Азыр ар бир ооруканадан баштап, акимдерге чейин мынча процент алып бересиң деп салык сала башташыптыр. Акаев, Бакиевдерден Атамбаевдин эмне айырмасы бар?

 

- Каныбек Иманалиев бийликти сындап койсо эле, “Эркин-Тоо” басмаканасын менчиктеп алганы боюнча суракка чакырыла баштаганы тууралуу кеп тарады.

 

- Каныбек туура айтат. Ал эл аралык комитеттин төрагасы болду. КСДП эркелетип жүрдү. Эгер КСДП принципиалдуу болсо, ошондо иш козгоп камабайбы. Мен Каныбекти жеди дегенден алысмын. Каныбекти күнөөлөштүн өзү “Нарын суусунда крокодил бар” дегендей эле кеп болуп жатат. Мен Каныбекти түшүнүп жатам. “Ата Мекен” партиясынын катарында болгондон кийин суу ичкен кудугуна түкүрбөй Текебаевдин саясатын колдогону туура эле.

 

Чынайым Кутманалиева   

Булак: “Майдан.kg” гезити