Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 2642

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүулөрдү киргизүү жөнүндө КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 17-июнунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министирликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган “Кишинев шаарында 2008-жылдын 14 ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин коргоо министирликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык жагдайды контролдоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кийин күчүнө кирет.
“Лейлек” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган “Лейлек” эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” КР Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 30-июнунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” КР Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы