Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 3686

Президент Роза Отунбаева кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүн өткөрүп жатып, 1-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун делегациясын кабыл алды.

 

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга ЕККУ төрагасынын гендер маселелери боюнча атайын өкүлү Венди Паттен, ЕККУнун адам сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору Мария Грация Жаммаринаро жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Лилиан Дарий катышты.
 
Жолугушууда адам сатууга күрөшүү, аялдардын укуктарын коргоо жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине байланыштуу кеңири пикир алмашуу болду. Азыркы учурда Кыргызстандан тышкары жерлерде иштеп жатышкан эмгек мигранттарынын 50%ын аялдар түзөт, ошондуктан, алардын укуктарын коргоодо иштиктүү чараларды көрүү маселеси абдан актуалдуу болууда, деп белгиледи басма сөз кызматы.
 
Аялдарга жасалган зордук-зомбулукка бөгөт коюу маселелерин талкуулоо учурунда Кыргызстанда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аялдарды жаңжалды чечүү иш-чараларына катыштырууга жана курал колдонулган жаңжалда аялдарды коргоого алууга багытталган Резолюциясы ишке ашырыла баштагандыгы белгиленди.
 
ЕККУнун өкүлдөрү Кыргызстан тең укуктуулукту жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууда - мыйзам чыгаруу, улуттук пландар жана ведомстволор аралык координациялоо сыяктуу институционалдык шарттарды түзүү жаатында ЕККУга кирген өлкөлөрдүн ичиндеги лидерлердин катарында экендигин белгилешти. Ошону менен бирге аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда инновациялуу көз карашта иштөө менен иш жүзүндө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун зарылдыгына басым жасалды.
 
«Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал эмгек миграциясынын жана адам сатуу боюнча жаралган жагдайдын негизги себептеринин бири болуп саналат. Аялдар эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн түзөт жана алар өз үй-бүлөсүнүн экономикалык абалын жакшыртууга аракет кылып келишет. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча иш-аракеттер, анын ичинде – микрокаржылоонун кызматынан пайдаланып, өзүн-өзү иш менен камсыздоо, экономикалык өнүгүүгө жана жаңы технологияларды колдонууга аялдарды көбүрөөк аралаштыруу боюнча иш-аракеттер жасалууда», - деди Р.Отунбаева.
Баракелде