Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанованын “Азаттыкка” тастыкташынча, өзгөрүүлөр Ош облусунун Ноокат, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Майлуу-Суу, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларында болду.

 

Анын айтымында, айрым комиссия мүчөлөрү өз талапкерлигин алып салгандыгына байланыштуу жаңыларын шайлоого туура келген.

Ошондой эле БШК бүгүнкү жыйынында 12 кишиден турган мамлекеттик тил боюнча сынак комиссиясынын курамын бекитти.
Азаттык