Жаңы долбоор боюнча бүгүндөн тарта кайгуул күзөт жана Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип иштешет. Бишкек шаары 40 бөлүккө бөлүнүп, үч топтон турган кызматкерлер күнү-түнү унаалар менен күзөткө чыгышат. Алардын аракети видеокөзөмөл аркылуу каралып турат. Мурдагыдай айдоочуларды тосуу болбойт. Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев журналисттерге билдирген. Анын айтуусунда, долбоор оң натыйжа берсе, башка аймактарга жайылтылып, убактысы узартылат. Иш-чарага жалпысынан 10 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Кыргызстандын мамлекет жетекчилери тартип коргоо органдарын реформалоо багытында Грузиядан үлгү алууну көздөшүүдө. Буга чейин вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган кыргыз делегациясы Грузияда болуп келген.

Азаттык