Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 663

 

Өткөн аптанын аягында борбор калаадагы отелдердин биринде “Ата Мекен” партиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка барчу партиялаштарынын форумун өткөрдү. Жалпысынан болуп форумга 150 адам катышты.

 

Анда талапкерлердин тизмесин түзүүнүн жаңы ыкмасы колдонулду. Барабан орнотуп ага номер жазылган шарларды салышкан да, депутаттыкка талапкерлер бирден ысымы айтылып, чакырылган. Аларга майда балдар барабандан колуна туш келген шарды алып чыгып карматышкан. ККайсы талапкерге кайсы номерлүү шар туш келсе, ал тиздеме ошол катарды ээлейт. Протокол ушул ыкманын негизинде түзүлгөн.

 

Партия барабан ыкмасы 115-тизмеде болсо да талапкерге мандат алуу мүмкүнчүлүгүн бере турганын түшүндүргөн. Бардыгы, талапкердин активдүүлүгүнөн жана анын аймагынан алып берген добушунан көз каранды боло турганы белгиленген.