Мындай колдоону жергиликтүү дарыгерлер күткөн эмес. Алар буга чейин бир гана бюджеттик каражаттан колдонуп, ага оорукананы капиталдык ремонттон өткөргөн. Жолугушууга келген Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди көргөн бейтаптар ыраазычылыгын билдиришти.
“Бардык шарттары түзүлгөн “Өнүгүү” палатасына медицина, билим берүү тармагындагы кызматкерлер жана көп балалуу энелер, майыптар, ардагерлер  үчүн жети орундук бөлүндү”,- деп билдирди Түп райондук ооруканасынын башкы дарыгери. Түптө жасалган жакшы саамалыкты “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Түп району боюнча координатору Максат Чунуев Ак-Суу райондук ооруканасына узатты. Мындай жакшы саамалык токтоп турбастан Ак-Суу районунан Жумгал районуна жолдонду. Эми жогорудагы эки аймактык ооруканада дагы бардык шарттары түзүлгөн палаталар жасалып, жакын арада ачылат. Мунун баары элдин саламаттыгын сактоо үчүн жасалып жаткан камкордук.
“Көлдү айланта “Формула-1” жарышса деген тилегим бар...”
Көлдүн эң алыскы Түп районундагы жолугушуу өзгөчө маанайда өттү. Башында эл Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин сөзүн кунт коюп угушса, аягында ага чоң ишеним артуу менен жылдап чечилбеген социалдык маселелерин  чечип берүүнү суранды. Адаттагыдай эле, таза суу, бала бакча көйгөйлөрү айтылды. Ичке-Суу айылынан “Келечек+” уюму  жакыр, жетим балдар үчүн 65 мектеп формасын чечип берүүнү суранса, иштебей жаткан цемент заводунун тагдыры дагы түйшөлтүп жатканын эл билдирди. Анткени, четте турган жергиликтүү эл курулуш материалдарын абдан жогорку баада сатып алып жатканын кабарлашты. Жолугушууда жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыр тарткандар көп кайрылышып, 11 жаштагы кызга жана бир адамга операцияга жардам болору дароо чечилди. Анткени, Бакыт Төрөбаев  адам өмүрү, айрыкча жаш балдар үчүн жардамын аябасын билдирди. Кичи-Өрүктү айылынын эли алма, өрүктү кургатып сатуу боюнча кичи ишкана ачып берүүнү колдоону суранды. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн эл менен бирге эсептөө жасалып, бизнес-план иштелип чыкмакчы. Бул элдин аркетине жараша жакын арада чечилчү маселе.  
Бакыт Төрөбаев көлдүн элин чечилбеген маселер, көр тирликтен тышкары келечекке жол ачуучу зор максаттарга бет алууга чакырды. Анткени, кыргыз элдин кыйырына белгилүү Балбай Баатыр, сөз чебери, улуу жазуучу, кыргыз Эл Баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков, кыргыз тарыхындагы жалгыз адмирал Марат Темиров сыяктуу мыкты инсандар чыккандыктан, Түптүн түбү түгөнбөгөн байлык деп ишенээрин билдирди. Келечекте деген кыялым бар деп эл менен бөлуштү. Кыялдар ишке ашпайт деп кол куушуруп олтура бербей, зор тилектерге умтулуу - улуу иштин башталышы. Эгерде “Формула-1” жарышы өтчү трасса курулса, көлдүн эки жээги тең туристтик инфраструктура менен толукталып, элдин жашоосун жакшыртса болот.
 
Булак: Де-факто