Урматтуу журналисттер! Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди өзүмдүн жана миңдеген шайлоочуларыбыздын атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Чынын айтуу керек – бүгүнкү өлкөдө орун алган ар кандай окуяларды, анын ичинде татаал саясий процесстерди чагылдырууда кыргыз журналисттери өзгөчө эрдикти жана баатырдыкты көрсөтүүдө. Ар кандай куугунтук, коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан, чындыкты айтуудан тайсалдабаган, эң негизги куралы чындык болгон журналисттер арабызда көп экени мени өзгөчө сыймыктандырат! Ким-эмне дебесин, Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө, аны чыңдоогосаясатчыларга караганда Сиздер, журналисттер көбүрөөк салым кошуп келе жатасыздар. Кеп чынынан бузулбай, биздин өлкөдөгү демократия Сиздердин мыктылыгыңыздан улам кармалып турат.
Жеке менин да башымдан оор күндөр өттү. Бизди ар кандай буйрутма берип, шылдындап, каралап, атыбызды булгагысы келгендер болду. Бирок, дал ушул Сиздердин принциптүүлүгүңүздөр, адилеттүүлүктү жогору койгонуңуздардан улам ошол кыйынчылыкты жеңе алдык. Бул жагынан мен бизди колдогон ар бир журналистке таазим кылам!
Кыргызстанда басма сөз эркиндиги ар дайым болушу керек. Аны жок кылууну көздөгөн ар бир адам, ал ким болбосун, татыктуу жазага кириптер болушу керек. Басма сөздү кодулоо эмне менен бүтөөрүн эки бийлик алмашуу көрсөттү. Ошондуктан, биз бул эркин басма сөз байлыгыбызды көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек.
Баарыңыздарга ден-соолук, бекем эрк, кажыбас кайрат каалайм!
Камчыбек Ташиев,
“Республика – Ата Журт” саясий партиясынын тең төрагасы