Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла элек.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров азырынча эч кимден арыз түшпөгөнүн билдирди.
Эске салсак, бүгүн айрым маалымат каражаттары Нурланбек Тургунбек уулу мандаттан баш тартууга даяр экенин жазып чыгышкан.