Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 5882

Журналист Нургазы Анаркулов Камчыбек Ташиев эртең, 13-февралда Кыргызстанга кайтып келээрин билдирди. 

Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

"Учурда, социалдык тармактарда элдик генерал Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанга келер-келбеси боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Ошого байланыштуу, тактоо иретинде билдирип коюуну туура көрдүм: Камчыбек Ташиев дарылануусу толук аягына чыкпаганына карабастан, кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга эртең менен келет.

Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев тарапташтарына “эч ким мени тосуп алууга келбесин”- деген суранычын билдирди", - деди Анаркулов.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев Германияга дарылануу үчүн кеткен.