Депутат Курманкул Зулушев мамлекеттик кызмат - бирөө келип, бирөө кете турган жер, андыктан аны трагедия кылуунун кереги жок деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат парламент өлкөдөгү саясий окуяларга негиздүү да, негизсиз да аралашпашы керектигин белгиледи жана саясатчыларды абалдан пайдаланып, Камчыбек Ташиев жөнүндө терс пикирлерди айтуудан карманууга чакырды.
"Кыргыз мамлекети 2020-жылдан тартып өнүгүүгө бет алды. Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин жанында жүрүп мамлекетке көптөгөн кызматтарды кылды. Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, пейилин, мүнөзүн жакшы билебиз. Камчыбек Ташиев өзүн, үй-бүлөсүн тобокелчиликке салып, эмне деген гана иштерди аткарган жок. Саясатчылар, абалдан пайдаланып Камчыбек Кыдыршаевичтин дарегине жаман сөз айтуудан өйдө бололу. Кыргыз эли элге кызмат кылган уулдарын ал кызматта болсо, болбосо дагы сыйлап алышы керек. Бул өсүп келаткан жаштарга да стимул болот, эл үчүн иштесек, ал кылганыбыз унутулбайт деп ойлошот", - деди ал.