Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 5820

Депутат Камила Талиева Нурланбек Тургунбек уулунун спикерликтен өз каалоосу менен кетишин жигитчилик деп баалады. Ошондой эле, ал башка депутаттарды анын артынан бычак сайып, ушак ташып

"Калыс бололу, адилеттүү бололу дейбиз, аны өзүбүздөн баштайлы. Азыр эл түмөн түйшүктүн тегерегинде абдан кыжалат болуп турат. Саясат ушунчалык тездик менен өнүгүүдө. Саясий абал кандай болгон учурда дагы - бул адилеттүүлүк. Адилеттүүлүктү туу тутсак, бирөөнүн артынан бычак сайын иш кылганды токтотсок. Мамлекеттик саясаттын эң чордону ушул жерде. Кечээтен бери коллегаларыма айтып жатам - кагылайындар, төрагабыз турат, нары-бери чуркап, артынан бычак урганды токтотолу.

Адилет үчүн айтып коеюн, төрага эч кимди бөлүп-жарган жок. "А" дедик, эми "Б" дейли. Кимиңерди бөлүп жарды: ачык айткыла?! Көрүнгөн ушакты, саясатты зуулдатып жеткирип жаткандар болду. Бетке айталы, элибиз карап турат. Эки досту уруштургандар да ушул ушакчылар болду. Президенттин жанында жүргөн вице-премьер-министр кечээ айтып чыкты, Камчыбек Ташиевдин кылган ишин жөн эле жокко чыгарып жатат. Ошол адам Камчыбек Кыдыршаевичтей иш кылсынчы! Ал жөн эле блогер!" - деди Талиева. 

Ошондой эле Талиева бир дагы депутат эки досту жараштырууга аракет кылбаганын, ал боюнча ниети да болбогонун билдирди. Ал эми МинКаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду "ушунчалык элге күйсө, президентке күйсө, өзү жетектеген социалдык тармактын маселелерин чечүүнү колго алууга" чакырды. 

Ал чындыкты кимдир бирөө айтышы керектигин белгилеп, "Мен айтайын, мен туруп берейин. Кечээтен бери жигиттердин бири айтып чыгабы деп күттүм. Эл атасынан ажырап калгандай кыжалат болуп атат. Келгиле, президентке кайрылуу жолдойлу, мындай болбойт, экөөңөр ынтымакка келгиле дейли", - деп парламенттештерине сунуштады.