Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 5753

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы кызмат ордунан өз эрки менен кеткенин жарыялады. 

"Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым, кысым көрсөткөн жок. Ага жол да бербеймин. Менин мүнөзүм ошондой. Мамлекетте туруктуулук болушу керек. Сөздү көбөйтпөйүн дедим. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров баштаган реформалар аягына чыгышы керек. Мамлекетчил сезим менен ушундай чечимди кабыл алдым", - деди ал. 

Нурланбек Тургунбек уулу 2025-жылдын 17-декабрында жашыруун добуш берүү аркылуу, 84 депутаттын колдоосу менен спикерликке шайланган. 

Ал 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо эң көп добуш чогулткан депутаттардын бири.