Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 5846

 

2026-жылдын 11-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуусуна катышты.

Анын жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев Федералдык Президентке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Ал 2023 жана 2024-жылдары жогорку деңгээлдеги өз ара ийгиликтүү сапарлар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташууну кеңейтүүгө олуттуу түрткү бергенин өзгөчө белгиледи. Ушул өңүттө кыргыз тарап соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык багыттарда өз ара пайдалуу кыргыз-герман өнөктөштүгүн ырааттуу тереңдетүүгө кызыкдар экенин тастыктады.

Тышкы иштер министри акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ортосундагы саясий эрк, толук өз ара түшүнүшүү жана тыгыз өз ара аракеттенүүнүн аркасында аймакта кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү ар тараптуу бекемдөөгө жетишилгенин баса белгиледи. Бул өз кезегинде “Борбордук Азия – Германия” форматындагы диалогду мындан ары тереңдетүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

Германия Федеративдик Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өз сөзүндө Борбордук Азиядагы туруктуулуктун, коопсуздуктун жана туруктуу өнүгүүнүн чыңдалышын оң баалады. Аймактын энергетикалык, соода жана транспорттук-транзиттик потенциалынын зор мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, ГФР Президенти Германиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө берилгендигин баса көрсөттү. Кыргызстандагы тоолорго жасаган сапарын эске алуу менен, ал мөңгүлөрдүн эрүүсү жана климаттын өзгөрүүсү боюнча өлкөлөрдүн тыгыз кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.