Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 417

Кыргыз Республикасынын баатыры, генерал-полковник Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу кыргыз элине кайрылуу жасады. 

"Урматтуу Эл-журт!

Мен ооруп калып, Президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр, мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз.

Мамлекетибиз, Эли-журтубуз, Президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" - деген генерал. 

Эске салсак, кечээ, 10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругунун негизинде, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы кызматынан бошотулган.