Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 685

2026-жылдын 5-февралында Бахрейнге жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Бахрейн Падышалыгынын Өнөр жай жана соода министри Абдулла бин Адель Фахру менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү, эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен соода жүгүртүүнү көбөйтүү, анын ичинде 2026-жылдын 24-25-апрелинде Бишкекте өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрү менен Араб Булуңдагы кызматташтык кеңешинин ортосундагы Экинчи инвестициялык форумдун алкагында Бахрейндин бизнес делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Марипов маектешин Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында Бахрейн делегациясынын башчысы катары Кыргыз Республикасында өтө турган Экинчи “БА+БМКК” форматындагы инвестициялык форумуна жеке катышууга чакырды.

Өз кезегинде, Абдулла Фахру чакыруу үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында боло турган инвестициялык форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, ага Бахрейн делегациясы менен биргеликте жеке катышууга аракет кыларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелерди андан ары илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишти улантуу жөнүндө макулдашышты.