Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 297

4-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигини маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда жүк ташууларды жакшыртуу, e-CMR системасы жана инфраструктуралык долбоорлор талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыруудагы өзгөчө айырмачылыктары үчүн Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Евразия экономикалык комиссиясынын "Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" төш белгиси менен менен сыйланышты.