
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 4-февралдагы «Ар кандай маселелер» саатында өлкө аймагындагы орчундуу социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.
Алсак, депутат Дастан Бекешев Казакстанда жана Россия Федерациясында жашаган кыргыз жарандары өз автоунаалары менен өлкө аймагына кире албай жатканын белгилеп, тыюу салуу механизмдерин кайра карап чыгууну сунуштады. Муну менен катар ал чет элдик номерлери бар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн жарандарга мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкө аймагындагы күмөндүү реабилитациялык борборлорду аныктап, ишмердүүлүгүн бөгөттөөгө чакырды.. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатып, алуу тартибин жеңилдетүү керектигин кошумчалады.
Депутат Улан Примов Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Жоош, Кызыл-Тал айылдарындагы мектеп маселесин, Жаңы-Будалык, Октябрь айылдарындагы жол, бала бакча жана таза суу көйгөйлөрүн көтөрдү.
Депутат Бекмурза Эргешов Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймагындагы көчөлөрдү газдаштыруу зарылдыгын белгилеп, Ош облустук куурчак театрына жаңы имарат куруу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу Жеңиш айылында жайгашкан авариялык абалдагы Жеңиш орто мектебине жаңы имарат куруу керектигин айтып, Раззаков шаары менен Ак-Суу айыл аймагын бириктирген жолдун курулушун аягына чыгарууну суранды. Эл өкүлү акыркы убактарда жаш балдар арасында сууга чөгүп, каза тапкан учурлар көп катталып жатканын эске салып, тийиштүү мамлекеттик органдарды мунун алдын алууга чакырды.
Депутат Дастанбек Жумабеков 2016-жылы Талас шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация долбоорун ишке ашырууга 5 миллион евро бөлүнгөнүн билдирди. Эл өкүлү долбоордун экинчи фазасынын алкагында 7 миллион еврого жакын каражат тартуу пландаштырылып жатканын айтып, биринчи фазаны ишке ашырууда түзүлгөн келишимдин шарттарын экинчи фазада да кароо керектигин кошумчалады.
Депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы социалдык объектилер тууралуу кеп кылып, анын ичинен Гулистан айыл өкмөтүндөгү Вахум конушуна жана Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Капчыгай, Арал айылдарына мектеп, бала бакча куруп, жол, таза суу көйгөйлөрүн чечүү керектигин билдирди.
Депутат Жанарбек Акаев Алай районунун Ак-Босого айылына атайын техникаларды жеткирип, ички жолдорду кардан тазалоо иштерин өз убагында жүргүзүп турууну өтүндү. Ошондой эле Эшме айылында миңдеген гектар жерге сугат суу чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтып, тийиштүү министрликти жергиликтүү бийлик менен бирге мыкты долбоорлорду колдоого чакырды.
Ал эми депутат Алтынбек Кудайбердиев Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылына таза суу, саркынды суу тутумдарын жана спорт комплексин куруу зарылдыгын билдирди.