Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 158

Бириккен Араб Эмираттарынын Министрлер Кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергави Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн “Достук” ордени менен сыйланды. Тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан БАЭнин Министрлер Кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге “Достук” орденин Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) алкагында тапшырды.