Кыргыз Республикасына сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор келди. Бул тууралуу КРнын ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.
Мындан тышкары, АКШ Президентинин Атайын өкүлү С. Гор 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат.