Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 255

Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн БАЭге жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Саммиттин ишине катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана Саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда.