Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 612

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүшү керекпи? Бул суроонун тегерегинде экс-депутат Исхак Масалиев пикирин билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Көп жылдар депутат болуп, мыйзамдар кантип жана эмнеге өзгөрүлгөнү тууралуу маалыматым болгону үчүн өз пикиримди бөлүшөм.

Тарых кайталанууда, көп жылдар мурда Аскар Акаев  - Президенттик кызматка дагы бир жолу шайланууга укугу барбы - деген маселеге кептелген. Анткени ал 1990-, 1991-, 1995-жылдары шайланган, андан соң 2000-жылы. Конституциялык сот биринчи жолкулары эсепке алынбайт, анын баары башка шартта болгон деген тыянакка келген. Кыскасы, ага жол беришти, ошондой эле Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн өткөөл жоболоруна АГА ПЕРСОНАЛДЫК уруксат берилди.

Так ушундай эле "өткөөл жобо" менен Роза Отунбаеваны "шайлашты". Ал кездеги Конституция президенттик мөөнөттү аныкталган - бир жаран 6 жылга гана шайлана алат. Ошону менен токтойт!

Кийинки жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Аскар Акаевге кызмат кылган ошол эле юристтер, ошол эле түшүнүк менен иштешти. Жаңы Конституцияны ишке киргизүү боюнча өткөөл жоболордо (мурунку президенттердин ойлоп тапканы) Садыр Жапаровдун дагы бир жолу талапкерлигин коюуга ПЕРСОНАЛДЫК укугу жазылган. Анткени бул 6 жыл 5 жыл болуп эсептелет.

Парламенттик эмес, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү логикага туура келмек. Бул укукчулардын арасындагы жашыруун чыңалууну жоюуга жардам берет болчу. Андан кийин дагы жемелөөгө жана куугунтуктоого шылтоо болмок эмес.

А бүгүн, 31-январда бийликтеги беш жыл аяктады, алтынчы жыл башталды. 

Суроо жаралат - кийинки президенттик шайлоодо Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин кое алабы? Менимче - жок, укуксуз".