Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 619

 

Экс-депутат, саясат таануучу Зайнидин Курманов президенттик шайлоого корутундуну Конституциялык Сот бергени мыйзамдык жактан туура боло тургандыгын билдирди. 

-Зайнидин Карпекович, Конституциялык соттун мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова президент Садыр Жапаровдун жакынкы айларда президенттик шайлоону өткөрүп, өзү да талапкер боло аларын, Конституция жол берерин айтты. Ал эми ЖКнын экс-депутаты Исхак Масалиев президенттин мурдагы Конституция боюнча бир мөөнөткө шайланганын, экинчи мөөнөткө бара албастыгын айтууда. Сиздин оюңуз кандай?

-Эки юрист жолукса, 3 пикир жаралат. Экөөсүнүн тең өз чындыктары бар. Мындай учурда КонСотко кайрылып, ошонун чечимине жараша иш кылышы керек. Садыр Жапаровдун Конституциянын мурдагы редакциясы менен шайлангандыгы чын. Бизде романо-германдык укуктук системасы өкүм сүрөт. Ошого ылайык, укуктук нормалар өзгөртүлгөндө, эскиси күчүн жоготот. Ошол эле мезгилде кийинки өзгөртүүлөр мурдагы норманы жокко чыгара албайт, күчүндө калат дегенди жактагандар да бар. Талаштуу маселе. Буга корутундуну Конституциялык Сот бергени мыйзамдык жактан туура болот.