Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына талапкерлерди бекитүү маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында баяндама жасаган Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Болотбек Борбиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына талапкерлерди бекитүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан – Чыныбаев Улукбек Сардарбековичтин;
- Элдик Курултай тарабынан – Айдаров Алмазбек Меңгибаевичтин;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынан – Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин, Самаков Кубанычбек Карганбековичтин талапкерликтери сунушталат.
Жогорку Кеңеш тарабынан эки талапкер сунушталгандыктан, алардын ичинен бирөөнү аныктоо максатында жашыруун добуш берүү өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында Бекмурза Эргешов 55 «макул», ал эми Кубанычбек Самаков 22 «макул» добуш алып, Кеңештин курамына депутат Бекмурза Эргешов шайланды.
Бул тууралуу тиешелүү токтом кабыл алынып, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамы Президент, Элдик Курултай жана Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган үч талапкер бекитилди.