Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 156

Кечээ, 28-январда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жаңы үлгүдөгү 30 даана кызматтык унааны тапшырды. 

Ведомство жетекчиси Сыргабаев бул унаалар Турукташтыруу фондунун эсебинен алынганын жана алар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында берилгенин билдирди. 

Ошондой эле, министр кызматкерлерди жаңы техникага этият мамиле кылуу менен кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарууга чакырды. 

Белгилей кетсек, ата мекендик “Tulpar Motors” заводунан чыккан унаалар буга чейин “Кыргызавтожол-Түндүк”, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо-Изилдөө Институтуна да тапшырылган. Аталган автоунаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынган болчу.