Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө дайындалды:
• Акылбекова Айжамал Акылбековна;
• Джамбурчиева Каныкей Аширбековна;
• Маданбекова Лира Орумбековна;
• Рыскулов Асхат Жаңыбаевич;
• Сарыбаев Самарбек Назарбекович.
Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.