Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 165

Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу курулуш тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, аталган багытта иш алып барган компаниялардын нааразычылыктары тууралуу сөз кылды. 

“Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылды. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан. Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метрлери кымбаттап, элдин турак-жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатат. Андыктан, ушундай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап, талкуулап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада иретке келтиришибиз керек”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу. 

Муну менен катар Төрага парламент ушундай элдин көйгөйлөрүн талкуулаган бийик трибуна экенин баса белгилеп: “Биз ошол укугубузду туура пайдаланышыбыз керек”, – деп кошумчалады.