2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруунун алкагында Грузиянын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Астанада) Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту. Министрдин орун басары Элчини дайындалышы менен жылуу куттуктап, анын тажрыйбасы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого салым кошот деп ишенерин билдирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Грузиялык дипломат менен жолугушууда тараптар саясий кызматташтыкты талкуулап, кыргыз-грузин мамилелеринин салттуу достук мүнөзүн жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Расмий сапарлар менен алмашууга жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Соода-экономикалык кызматташтык жаатында тараптар байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле демократия жана парламенттик дипломатия жаатындагы кызматташуу да талкууланды.
Сооданы, туризмди жана маданий-гуманитардык байланыштарды колдоо үчүн Бишкек менен Тбилисинин ортосундагы түз аба каттамдарын кайра жандандыруу маселеси да көтөрүлдү.
