Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 429

2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Түндүк Македония Республикасынын Тышкы иштер жана соода министринин орун басары Зоран Димитровскинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн мамилелерин активдештирүүгө кызыкдар экенин тастыктап, саясий диалогду, соода-экономикалык, парламенттер аралык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти. Алар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда сапарлар менен алмашууга жана саясий консультацияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар көп жактуу кызматташтык маселелерин талкуулап, эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.