Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жашыл экономикага инвестицияларды тартуу боюнча чаралар жөнүндө (отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлор)» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Азыркы учурда тарифтер Министрлер кабинети тарабынан улуттук валютада аныкталат. Мыйзам долбоору менен отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда чет өлкөлүк валютада бааларды белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Бул Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга оң таасирин тийгизет жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртат.
Муну менен катар мыйзам долбоору менен ЭКБ үчүн чектүү тарифтин колдонуу мөөнөтүнүн жеңилдетилген мезгилинин түшүнүгүн тактоо сунушталууда, ошондой эле долбоорлорду тандоо жана тарифтин чектик деңгээлин төмөндөтүү аркылуу тарифти аныктоо механизми катары «аукцион» термини киргизилүүдө. Бул тандоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана долбоорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө өбөлгө түзөт.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова ЭКБ пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясын кепилденген сатып алууда колдонулуп келген коэффициенттин жоюлушунун себептерине кызыгып, бул жагдай инвесторлор үчүн тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Буга баяндамачы коэффициент жоюлгандан кийин туруктуу тариф бекитилерин жана ал улуттук валютада гана эмес, чет өлкөлүк валютада да көрсөтүлөрүн маалымдады. Эл өкүлү Айсаракан Абдибаева ЭКБ субъектилери үчүн каралган жеңилдиктерди, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруунун шарттарын, ошондой эле ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү тартибин тактады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.