Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Артыкбаев Айбек Мухтарович Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эске салсак, Айбек Артыкбаев Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордуна 2023-жылдын 8-июлунда дайындалган.