Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-январдагы «Ар кандай» маселелер саатында өлкө аймагындагы бир катар орчундуу социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Депутат Дастан Бекешев ЖОЖдордогу конракттык окуунун баасы тууралуу кеп кылып, ошондой эле айдоочулукка окутуу мөөнөтүн азайтууну (азыр 10-12 ай), таксилерди лицензиялоо тартибин кайра карап чыгууну жана маалымкаттарды берүүдөгү ашыкча талаптарды жокко чыгарууну сунуштады. Эл өкүлүнун айтымында мындай маселелер өлкөдө жумушсуздуктун өсүшүнө түздөн-түз таасир этет.
Депутат Нуржамал Төрөбекова Кара-суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Социализм айылындагы Өжөр участкасына 2013-жылдан бери айыл макамы берилбей жатканын айтып: «Мындан улам мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилердин курулушу башталбай, окуучулар Баш-Булак айыл өкмөтүнө барып окуганга аргасыз болууда. Элге кыйынчылык келтирбей, аталган маселени тез арада чечип бериш керек», - деди. Эл өкүлү мындан тышкары Кызыл-Тал айылында дагы мектеп, бала бакча жана сугат суу көйгөйү курч болуп жатканын маалымдады.
Депутат Курманкул Зулушев АТРдин жыйынтыгында бир катар айыл өкмөттөрүндө кадр маселеси жаралганын белгилеп, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорундагы ирригациялык көйгөйлөргө токтолду. Ошондой эле жайыттардын деградациясы тууралуу кеп кылган эл өкүлү тиешелүү министрликтердин бул багыттагы иш-аракеттерине кызыкты.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мамлекеттик ооруканалардагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу керектигин белгилеп, Кара-Кулжа районундагы автобекетти жана базарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгын билдирди.
Депутат Советбек Рустамбек уулу Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу Тажы-Кыштак айылындагы жана Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Дары-Суу, Ак-Чабуу айылдарындагы мектептердин курулуш жана оңдоп-түзөө иштерин быйылкы жылдын планына киргизүүнү өтүндү.
Депутат Гүлай Машрапова Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Кашка-Кыштак айылында жайгашкан дүлөй-дудук балдардын жатак мектеби тууралуу кеп кылып, анда окуган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү керектигин билдирди. Андан сырткары экологиялык талаптар боюнча Манас айыл аймагынын Беш-Мойнок айылындагы асфальт-шагыл заводун текшерүүнү сунуштады.
Депутат Дастан Жумабеков Айтматов районунун Шекер айыл өкмөтүндөгү дыйкандардын кайрылуусун кабарлап: «2025-жылы 28-июлда мөндүр жана сел жүрүп, Шекер, Көк-Сай, Кайнар, Арчалуу айылдарында 800 гектарга жакын төө бурчак жана буудай талааларын жууп кеткен. Анын 550 гектары мамлекеттик фонддон ижарага алынган жерлер. Жарандык коргонуу боюнча комиссия чыгымды 55 млн деп эсептеп, акты түзүп кеткен. Бирок азыркыга чейин дыйкандарга эч кандай жардам берилбей келет», - деди. Эл өкүлү ошондой эле төө буурчакты Индия мамлекетине экспорттоого көмөктөшүүнү да суранды.
Депутат Гүлшаркан Култаева Таш-Көмүр шаарынын Аксы көчөсүнө бала бакча, Ноокен районунун Бүргөндү, Достук айылдарына спорт комплексин куруу зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары темир жолго жакын жайгашкан деген негизде турак-жайларына документ ала албай жаткан Шамалды-Сай шаарынын айрым тургундарынын маселесин да ортого салды.
Депутат Чынгыз Ажибаев жөлөк пул алуу жол-жобосун жеңилдетүү боюнча Лейлек районунун тургундарынын кайрылуусун айтып, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылында Мегаком уюлдук операторунун байланышын жакшыртуу керектигин белгиледи. Эл өкүлү мындан тышкары Ак-Суу айыл аймагынын Алга айылында Кыргызстандын телеканалдары тартпай жатканын да билдирди.
Айыл өкмөттөрүнүн штаттык биримдигин көбөйтүү маселесине көңүл бурган депутат Азизбек Турсунбаев буга 14 киши эмгектенип, 53 миң калкты тейлеген Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл өкмөтүн мисал кылды. Эл өкүлү бул көйгөй өлкө боюнча орчундуу болуп турганын баса белгиледи.
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева Кочкор районундагы «Каныбек» кичи базарын жабуу пландалып жатканын айтып: «Анда эмгектенген 45 жаран эски автобекеттин аймагына муниципалдык базар уюштуруп берүүнү өтүнүп жатышат. Жергиликтүү бийлик маселе толук чечилгенге чейин азыркы орундарында иштеп турууга мүмкүнчүлүк берсин», - деди.
Депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи Май районунун тургундарынын социалдык-экономикалык маселелерин көтөрүп, Мурас-Ордо жана Ак-Босого конуштарын газдаштыруу, социалдык объектилерди куруу сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурду.
Депутат Махабат Мавлянова Бишкектеги ыш маселесине көңүл буруп, көйгөйдү чечүү үчүн түтүндү чыпкалоочу мештерди жайылткан Монголия жана Кытайдын тажрыйбасын колдонууну сунуштады.
Депутат Марлен Маматалиев майыптардын жөлөк пулун жана алардын жардамчыларынын айлык акысын көбөйтүү керектигин айтып, Бишкектин Мурас-Ордо конушуна реабилитациялык борбор куруу зарылдыгын билдирди.