Бапышов Данияр Нуруясович Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бапышов 2024-жылдын 4-июнунан тартып аталган департаменттин директорунун орун басары болуп иштеп келген.