Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 397

Алиев Бектур Кубанычбекович Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан жеке арызынын негизинде бошотулду.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, Алиев Бектур Кубанычбекович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп 2024-жылдын 7-сентябрында дайындалган.