2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин Россия Федерациясынын Ош шаарындагы жаңы дайындалган Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын Башкы консулу Р.Свистин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиевге консулдук патенттин түп нускасын тапшырды.
Тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде Сочи шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү маселесин ишке ашырууну талкуулашты. Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштин алкагында компетенттүү органдардын ыкчам өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, консулдук чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бекемдөөгө болгон өз ара даярдыгын ырасташты.
