Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун жана «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда колдоду.
Демилгечи – депутаттар Камила Талиева, Нурланбек Азыгалиев, Чыңгыз Айдарбеков, Жанарбек Акаев, Медербек Алиев, Сеидбек Атамбаев, Динара Ашимова, Дастан Бекешев, Дастанбек Жумабеков, Саидбек Зулпуев, Джамиля Исаева, Аида Исатбек кызы, Гуля Кожокулова, Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, Гүлшаркан Култаева, Лейла Лурова, Шарапаткан Мажитова, Марлен Маматалиев, Айсулуу Мамашова, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Советбек Рустамбек уулу, Жылдыз Садырбаева, Чолпон Султанбекова, Эльвира Сурабалдиева, Нурбек Сыдыгалиев, Жылдыз Таалайбек кызы, Карим Ханджеза, Арсланбек Эгембердиев, Алишер Эрбаев, Эльдар Абакиров, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бакытбек Марипов, Жайлообай Нышанов.
Демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева белгилегендей, аталган мыйзам долбоорлору адамдын жашоо ишмердүүлүгүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөрүндө ар башка жыныстагы адамдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жаатындагы укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Кубанычбек Самаков мыйзам долбоорлорун колдой турганын айтып, сот системасында негизги жана аныктоочу критерий болуп кесипкөй компетенттүүлүк калышы керектигин билдирди. Депутат Чынгыз Ажибаев сот системасындагы учурдагы гендердик абалга көңүл буруп, бул мыйзам долбоорлорун колдоого чакырды. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов Жогорку сотто эркектер жалпы судьялардын 58%ын түзөрүн белгиледи.
Комитет мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун дагы экинчи окууда жактырды.