Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 261

2026-жылдын 19-январында Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Черногориянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Периша Кастратович эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү жана саясий диалогду кеңейтүү маселелерин талкуулоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу ТИМнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Черногориянын ортосундагы кызматташтыкты саясий консультациялар, жогорку деңгээлдеги жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлар жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз координациялоо аркылуу андан ары чыңдоого өз ара берилгендигин тастыкташты.

Мындан тышкары, тараптар учурдагы аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, келерки жылга карата эл аралык иш-чаралардын графигин карап чыгышты.