Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 397

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпысынан 16 жалпыга маалымдоо каражаты жана интернет-басылмалары аккредитацияланды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Боршайкомдун маалыматына ылайык, ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.

Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.

Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 9-февралда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 28-февралда саат 8:00дө токтотулат.

Ал эми шайлоо 1-мартта өтөт.

Булак: Кабар