2026-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министри Максим Рыженковдун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү өттү.
Анын жүрүшүндө тышкы саясат ведомстволорунун башчылары кыргыз-беларус күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Айрыкча, Тышкы иштер министрликтеринин линиясы боюнча сапарларды кошо алганда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы байланыштардын графиги каралды.
Бишкек шаарында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынына даярдыктын алкагында күн тартибинин мазмундук бөлүгү жана Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер Жаңы жылга карата бири-бирин куттуктады.